Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 07.05.2015 17:36

Жалал-Абадда «Улуу жеңишти даңктайлы» аталышындагы илимий-практикалык конференция болуп өттү

Turmush -  Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата «Улуу жеңишти даңктайлы» аталышындагы илимий-практикалык конференция болуп өттү, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Конференцияга Акунжан Абдрашев баштаган окутуучулар курамы жана студенттер катышышты.

«Кыргызстан Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында», «Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы кыргыз жоокерлеринин эрдиги», «Согуш мезгилиндеги кыргыз поэзиясынын мазмундук жана формалык өзгөчөлүктөрү» жана «Адамдын эмоционалдык абалы жана анын улуттук өзгөчөлүктөрүнүн туюндурулушу» деген темалардагы илимий баяндамалар окулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×