Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-январь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 02.04.2015 18:50

Жалал-Абад шаарында март айынын аягына чейин 21 адамдын кургак учук оорусун жуктуруп алганы аныкталган

Turmush -  Жалал-Абад шаарында 2015-жылдын март айынын аягына чейин 21 адамдын биринчи жолу кургак учук оорусу менен ооруганы аныкталган. Бул боюнча Жалал-Абад шаардык кургак учукка каршы күрөшүү диспансеринин башкы дарыгери Акылбек Ормонбеков билдирди.

Анын маалыматында, булардын ичинен 6 адамда оорунун жугуштуу түрү аныкталган.

Анын айтымында, жылдан жылга бул оору менен ооругандардын саны өсүп жатат. Мындан улам 24-март - Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата 24-февралдан 24-мартка чейин Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Турдалы Темирбаевдин, областтык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгери Маматжан Мияновдун демилгеси менен бир айлык акция болуп өттү.

Анда Жалал-Абад шаарындагы окуу жайлардын студенттерине, шаар тургундарына бул оорунун белгилери боюнча түшүндүрүү иштери жүргөн.

Эске салсак, былтыркы жылы Жалал-Абад шаары боюнча 111 адамдан кургак учук оорусу табылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×