Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 26.03.2015 11:23

Жалал-Абадда улуу акын А.Осмоновдун 100 жылдыгына карата «Кыргыз поэзиясынын таң чолпону» аттуу тематикалык кече өтөт

Turmush -  Жалал-Абадда облустук китепканасы таланттуу акын жана котормочу Алыкул Осмоновдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына карата «Алыкул жана мезгил» аттуу жумалыгын уюштурду.

Аймактык кабарчы билдиргендей, 25-мартта Жалал-Абаддагы эл аралык университетте «Улуу талант А.Осмонов» аттуу адабий кече болуп өттү.

Ага эл аралык университеттин мугалимдери жана студенттери, областтык жана шаардык китепкананын кызматкерлери катышты. Жумалык ушу аптанын дүйшөмбү күнү ЖАМУда Алыкулдун «Сен ооруба, мен ооруюн Ата-Журт!» аттуу ырынын аталашы менен конференцияда башталган. Жумалык 27-мартта аяктайт.

Бүгүн, 26-мартта «Кыргыз поэзиясынын таң чолпону» аттуу тематикалык кече ЖАМУнун филология факультетинин №3, 4 жатаканаларында өткөрүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×