Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-январь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 26.03.2015 09:12

Улуттук онкология борбору менен министрлик Жалал-Абадда балдардын онкологиялык бөлүмүн ачууну пландоодо

Turmush -  Улуттук онкология борбору Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте жакынкы убакытта Жалал-Абад шаарында 10 орунга ылайыкташтырылган балдардын онкологиялык бөлүмүн ачууну пландоодо.

Ал жерде онкологиялык дарттар менен жабыркаган балдарга Бишкек жана Ош шаарларындагыдай дарылоо жүргүзүлөт, деп билдирди Улуттук онкология борборунун башкы дарыгери Бактыгүл Султангазиева.

Мурдараак маалымдалгандай, Ош шаарында жаңы ачылган онкологиялык бөлүмдө учурда 20 бала дарыланып жатат.

Ош шаарына жана Жалал-Абадга мындай бөлүмдөрдүн ачылышы жергиликтүү калкка ыңгайлуу шарт түзүү максатын көздөйт. Ата-энелер үчүн балдарын алыска, Бишкек шаарына алып барбастан, жакын аймактан дарылатууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×