Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 25.03.2015 17:33

Жалал-Абадда Жеңиштин 70 жылдыгын утурлай, Советтер Союзунун баатыры Т.Тайгараев тууралуу спектакль коюуга демөөрчүлөр изделүүдө

Turmush -  Жалал-Абад областтык «Барпы» атындагы кыргыз драма театрынын чыгармачылык жамааты Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын утурлай Советтер Союзунун баатыры Тукубай Тайгараев тууралуу спектакль коюуга даярдык көрүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан маалымдашты.

Т.Тайгараевдин жаркын элесине арналган Ооганбек Стамбековдун калемине таандык «Тукубай Баатыр» аттуу 3 көшөгөлүүтарыхый драмасын көркөм кеңеште талкуулашып, жактырышып театрдын белдүү, белгилүүдасыккан режиссер-коюучусу эмгек сиңирген артисти, бир нече сыйлыктардын ээси Бакыт Жумалиевге сахнага алып чыгуу үчүн чоңишеним менен тапшырышкан.

«Бул тарыхый драманы сахнага алып чыгуу мен үчүн да, актерлор үчүн да жогорку жоопкерчиликти, талыкпаган мээнетти талап кылат, бул мен үчүн сыймык»,- дейт Б.Жумалиев.

Анын айтымында, драмада 23 кейипкер жана массовкага ондой адам катышат, айрыкча Латвиянын Рудзена шаарында немецтик эң күчтүү, ишенген баталену турган жайга разветкага барышкан он бир жоокер, арасында радист бир кыз, (Сунуплява айылындагы эки суткалык катуу кармашта көрсөткөн эрдиктери үчүн, өлгөндөн кийин 1945-жылдын 24-мартында Сталиндин Указы менен Советтер Союзунун Баатыры деген наам берилген) Кыргыз, Орус, Өзбек, Башкыр,Татар жана Кавказ интернационал улуттардан куралган жигиттердин ролдорун аткарган артисттерди табуу бир кыйла убакытты алды.

«Азыр Кудайга шүгүр, ролдор бөлүштүрүлүп, даярдыктар болуп жатат. Тайгараевдин өмүр баяны, жасаган эрдигин жакындан билүү максатында алгач интернет булактарынан, китептерден маалымат чогултуп, өзү туулуп өскөн Кулубай уулу айылындагы үй музейине барып, ага багыштап куран окуп, ал жердеги далилдүү докменттер менен таанышып келдим», - деп айтып өттү режиссер.

Ал эми театрдын башкы сүрөтчүсү Жанаргүл Өмүрзакова азыркы күндө ошол согуш жылдарындагы солдаттардын, немец офицерлери менен Советтик Армиянын офицерлеринин кийген кийим кечелеринин, колдонгон курал-жарактарынын сүрөттөрү чийилип, жасалып жатат. Сахна жасалгасынын да эскиздери ойлонулуп жатат.

«Бул оңой жумуш эмес. Айрыкча бул спектаклди коюуда акча каражаты керек болот, андыктан өкмөттүн областык өкүлчүлүгүнө, шаардын мэрине жана шаардык кеңештин төрагасы менен шаардык депутаттарга кайрылуу кат жаздык, ошол биз сураган акча каражатын бөлүп берсе биз кийим-кечелерди, ар кандай спектаклге кетчүү буюм-тайымдарды өзүбүздүн тигүү цехинен тиктирип, курал-жарактарын жасата баштамакпыз. Бул биздин шаарыбыздан чыккан баатырыбызга кыргызымдын наамысын ойлогон, арбагын колдогон депутаттарыбыз, жеке ишкерлерибиз кол куушуруп олтурушбай, демөөрчүлүк колдорун созсо керек», - деген оюн айтат башкы сүрөтчү Ж.Омурзакова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«РСК Банк»
37.12% (268)
«Бакай Банк»
32.55% (235)
«Капитал Банк»
10.66% (77)
...
Всего голосов: 722
×