Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 04.03.2015 15:10

Жалал-Абад облусунда 2014-жылы эхинококкоз менен ооругандардын саны 32ге жеткен

Turmush -  Статистикалык маалыматтар боюнча, Жалал-Абад облусунда 2014-жылы эхинококкоз оорусу менен ооругандардын саны 32ге жеткен. Бул тууралуу «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү - 1» долбоорунун алкагында эхинококкозго каршы иш-чараларды жүргүзүүдөгү тараптардын өз ара аракеттери боюнча 2-отурумда айтылды.

Анда белгиленгендей, ар бир миң адамдын 18и операция болууда.

Отурумдун жыйынтыгында эхинококкоз оорусу боюнча элдин арасында түшүндүрүү иштерин маалымат каражаттары аркылуу кеңири жайылтуу жана жума күнү мечиттерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, жогорку жана орто окуу жайларда лекцияларды уюштуруу иштери алып барылаарын белгиленди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«РСК Банк»
37.12% (268)
«Бакай Банк»
32.55% (235)
«Капитал Банк»
10.66% (77)
...
Всего голосов: 722
×