Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 04.03.2015 15:08

Жалал-Абад шаарында эхинококкоз оорусуна каршы иш-чараларды жүргүзүү боюнча 2-отурум болуп өттү

Turmush -  Жалал-Абад шаардык мэриясында бүгүн, 4-мартта «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү - 1» долбоорунун алкагында эхинококкозго каршы иш-чараларды жүргүзүүдөгү тараптардын өз ара аракеттери боюнча 2-отурум болуп өттү.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, бул программа Айыл чарба жана мелиорация, ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрликтери тарабынан бекиге «Кыргызстанда 20015-2018-жж.эхинококкоз менен күрөшүү боюнча стратегиялык планына» ылайык жүргүзүлүүдө.

Жалал-Абад шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысы Мурат Исмаиловдун айтымында, эхинококкоз оорусун алдын алууда биргеликте иш алып барсак жыйынтык болот. «Ден-соолукту чыңдоо кабинеттери, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору элдердин арасында коммуникациялык иштерди өткөрүү боюнча планы жана графиги иштелип, ден-соолук комитеттери ар бир үйгө кирип, үй-бүлө мүчөлөрүнө эхинококкоздун коркунучтуу экендигин жана оруунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү зарыл», - дейт ал.

Аймактык башкарууларда жеке ветеринардык кызматкери болушу керек, долбоор боюнча жеке ветеринардык кызматкерине эмгек акы берилет. Жеке ветеринардык кызматкер, журналга каттоо, дегельминтациялоо, кулагына татуировка басуу, бир ит 4 айда 1 жолу дегельмитациядан өтүүсү зарыл жана иттерди дегельмитациялагандан кийин 72 саат бою байлоодо кармап жана алардан чыккан кыктарын өрттөп же жерге көөмп жок кылуу керектиги тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзөт», - деп билдирди отурумдун катышуучуларына.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×