Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 03.03.2015 11:14

Жалал-Абадда 8-март майрамына карата «Өмүрдүн гүлү да, күнү да, үнү да сенсиң, аялзат!» аттуу майрамдык салтанат болот

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында 5-март күнү 8-март жаз майрамына карата «Өмүрдүн гүлү да, күнү да, үнү да сенсиң, аялзат!» аттуу майрамдык салтанат болмокчу. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Бул иш-чара Жалал-Абад шаарындагы Зуура Нурматова атындагы кыздар лицейи тарабынан уюштурулаары белгиленүүдө.

Мэриянын маалыматына ылайык, «Жаздай жаркын, кандай жаркын аялзат, Сиздер үчүн кандай мактоо жарашат, Силер барда дүйнө сулуу, дүйнө кооз, Демиңерден көңүл жаркып баратат», деген ыр саптар менен Жалал-Абад шаарындагы кадырлуу аялзаттарына чакыруу барактары таратылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×