Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-январь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 21.02.2015 13:41

Жалал-Абадда «Бабалар айткан сармерден, окууда болсун бизге дем» аттуу сармерден сынагы болуп өттү (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы университеттин чоң залында кечээ, 20-февралда ага окучутуучлар жана студенттер катышкан 23-февраль - Мекенди коргоо күнүнө карата «Бабалар айткан сармерден, окууда болсун бизге дем» аттуу сынак болуп өттү.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, «Бабалар айткан сармерден, окууда болсун бизге дем» сынагына гуманитардык, экономикалык факультеттин мырзалары менен филология факультетинин айымдары катышышкан. Эки команда кыргыздын нукура ыр, бийлери, акыйнек, макал–лакаптар, жаңылмачтарды, өздөрүнүн төкмө акындык таланттарын көрсөтүштү. Ошондой эле, эки командага калыстар тарабынан тең упай берилди.

«Мындан ары бул долбоорду 8-март, 21-март Нооруз майрамдарына жана ЖАМУнун 3-апрель туулган күнүнө карата өткөрөбүз. Анда ЖАМУнун башка факультеттеринин айым, мырзалары катышышат. Жалпысынан бул долбооорду эки жылга чейин улантып, андан ары түштүк аймагындагы жогорку окуу жайларын ЖАМУга чакырып, жогорку деңгээлде сармерден сынагын уюуштурабыз», - деп билдирди ЖАМУнун социалдык иштер боюнча проректору Шамшидин Нурдинов.

IMG_20150220_143815

IMG_20150220_144220

IMG_20150220_144830

IMG_20150220_145156

IMG_20150220_145406

IMG_20150220_152124

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×