Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 02.02.2015 17:53

Жалал-Абад шаарында эл жазуучусу Ө.Даникеевдин 80 жылдык маарекеси белгиленет

Turmush -  Жалал-Абад шаарында Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Өскөн Даникеевдин туулган күнүнүн 80 жылдык маарекесин өткөрүү боюнча иш-чаралардын планы бекиди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Шаардын социалдык иштер боюнча вице-мэри Турдалы Темирбаевдин айтымында, мектептерде, окуу жайларда, окуучулар менен студенттердин арасында Ө.Даникеевдин ишмердүүлүгү жана басып өткөн өмүрү жөнүндө жазуучулар менен жолугуушулар жана башка иш-чаралар өткөрүлөт.

Аны менен кошо шаардык музейде Ө.Даникеевдин ишмердүүлүгү жана басып өткөн өмүрү жөнүндө көргөзмөлөр уюштурулмакчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×