Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 29.01.2015 11:00

Жалал-Абаддагы Барпы театрында окуучулардын жан дүйнөсүн ойготуу максатында балдар спектакли коюлду (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында кечээ, 28-январда атайын окуучулар үчүн спектакль коюлду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматына ылайык, Базар-Коргон районундагы интернат-гимназия, Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектептин окуучулары мугалимдеринин коштоосунда Жалал-Абад шаарына атайын театр дүйнөсү менен таанышып, спектакль көрүүгө келишкен.

Алгач аларга театрын директорунун орун басары Конокбай Курманбеков театрдын кызматкерлери, сүрөтчүлөрү, кийген кийимдеринин жасалыштары, ошондой эле драманы элге кантип тартуулап, канчалык эмгек кетээрин айтып түшүндүрүп берди. Аны менен бирге куурчак театрынан жомоктон үзүндү көрө алышты.

Улан Жукеновдун «Үч каракчы» спектакли театрдын талантууларынын аткаруусунда окуучуларга тартууланды. Окуучулардын кызыгуусу-алардын тынч отуруп көрүшкөнүндө. Спектакль окуучулардын жан дүйнөсүн ойготот, театр чыныгы жан азык, дейт К.Курманбеков.

Ж.Бөкөнбаев мектебинен келген окуучулар «Ийгиликтин паспорту» долбоорунун окуучулары. Алар ушул сыяктуу театр жана университеттерге барып өздөрүнүн келечеги үчүн аракеттерди жасап келишээрин айтып өттү окуучулардын жетекчиси Жылдыз Калдарбекова.

IMG_20150128_125719[1]

IMG_20150128_125900[1]

IMG_20150128_132635[1]

IMG_20150128_134510[1]

IMG_20150128_142613[1]

IMG_20150128_125003[1]

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«РСК Банк»
37.12% (268)
«Бакай Банк»
32.55% (235)
«Капитал Банк»
10.66% (77)
...
Всего голосов: 722
×