Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 28.01.2015 17:16

Жалал-Абад облустук төрөт үйүндө көпчүлүк учурда орун жетишпей, төрөй турган кыз-келиндерди төрөт залына жаткырууга туура келет, - бөлүм башчы

Turmush -  Жалал-Абад облустук төрөт үйү 75 орунга ылайыкташтырылган, бирок көпчүлүк учурда ооруканага келген кыз-келиндердин саны 105, 90, 80ге жетет. Орун жок учурда төрөт залына жаткырууга да туура келет. Бул тууралуу төрөт бөлүмүнүн башчысы Айнагүл Касымбаева аймактык кабарчыга билдирди.
Анын берген маалыматы боюнча, “Регионализация” программасына ылайык, облустун район-шаарларында оор төрөттөр, кабылдоосу барлар, биринчи операция менен төрөгөн аялдар сөзсүз түрдө облустук төрөт үйүнө келип төрөшү керек.
“Биздин төрөт бөлүмдөн Жалал-Абад шаарынын бардык төрөй турган тургундары, район-шаарлардан жолдомо менен келгендер жана өз каалоосу менен келген аялдар төрөшөт. Алар үчүн бардык шарттар түзүлгөн”, - деди А.Касымбаева.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×