Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 07.01.2015 12:02

Жалал-Абадда куудул Борончу менен Тынардын концертине билет тартыш болуп, күндүзү да коюлмай болду

Turmush -  Жалал-Абадда куудул-сатирик Борончу менен Тынардын концертине 6-7-январдагы кечки концерттерине билет тартыш болуп калды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Куудул-сатириктердин «Борончу менен Тынар күлкү менен баш жазат» деген аталыштагы 6-январда өтө турган концертине көрүүчүлөр билет таппай калышты.

Кассанын маңдайында андан тышкары «7-январдагы кечки концертке да билет жок» деген жазуу илинип турат. Элдин көп келгендигинен бул артисттердин тамашасы бүгүн, 7-январь түшкү саат 14:00дө да коюула турган болду.

Өткөн жылы куудул Абылда Иманкуловдун концертине да эл көп келгендиктен ал үч күн катары менен күнүнө эки жолудан (түштө жана кечинде) оюнун көрсөткөн.

IMG_20150106_180433

IMG_20150106_180443

IMG_20150106_180817

IMG_20150106_180836

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×