Turmush — Жалал-Абад шаары Кыргызстандагы экинчи экономикалык борборго айланат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган команда курамы билдирди.
Республикалык бюджеттен калаага 2 миллиард сом каражат бөлүнгөнү турат. Элдин көңүлү дал ушул кадамга бурулуп жатат. 100 миңден ашуун калкы бар калаада жасалып жаткан иштер, ири долбоорлор боюнча бир катар суроолорго шаар мэри Эрнисбек Ормоков жооп берди.
Эрнис Абдижалилович, адегенде 2022-жылы аткарылган иштерге бир аз токтоло кетсиңиз. Шаар бийлиги эмнелерге жетише алды?
- Биринчи экономикалык жагына токтолсок, жергиликтүү бюджетти 117 пайызга аткардык, республикалык бюджеттен да чыктык.
Жалал-Абад шаарынын 2020-жылдагы бюджети 435 млн 422 миң сомду түзгөн болсо, 2021-жылы 108 млн 143 миң сомго көбөйүп, 543 млн 565 миң сомду түздү. Ал эми 2022-жылы шаардын бюджети 689 млн 50 миң сомду түзгөн болсо, 2023-жылга 763 млн 341 миң сом деп бекитилди. Калаага 2021-жылы 4 млрд 300 млн сом инвестиция келген болсо, 2022-жылы 7 млрд 604 млн сом инвестиция тартылды. Жыл санап калктын саны өсүп, ага жараша бала бакча, мектеп салуу жактары каралышы керек. Маселен, былтыркы жылы Т.Тайгараев аймактык башкаруусуна караштуу Тѳш-Кутчу айылында 100 орундуу эки кабаттан турган заманбап бала бакча пайдаланууга берилди. Ага жергиликтүү бюджеттен 18 млн 600 миң сом акча каражаты жумшалды. Мындан сырткары дагы 2 бакча ишке кирди.
Шаарыбыздын Манас кѳчѳсүндѳгү таштанды баскан аймак толугу менен тазаланып, 2 миңден ашуун унаага ылайыкталган муниципалдык унаа базардын иштөөсү эң сонун жолго коюлду. Базардын тегереги тосулуп, электрондук шлагбаум орнотулду. Муниципалдык унаа базардан жергиликтүү бюджетке ай сайын орто эсеп менен 600 миң сомдон каражат түшүүдө.
Жалал-Абад шаарындагы башаламан соода жайларын иретке келтирүү жана шаар казынасына каражат түшүрүү үчүн таштандыга толуп, бак-дарак өсүп жаткан мурунку тамеки заводдун ордун муниципалдык базарга айланттык. Базар толугу менен үстү жабык имараттын ичинде болуп, жаан-чачындан жана күндүн аптаптуу ысыгынан сактайт. Эң негизгиси аталган базар өлкөбүздөгү өрт коопсуздугуна толук жооп берген жалгыз муниципалдык базар болуп саналат. Бул үчүн шаар казынасынан 57 млн 310 миң сом акча каражаты жумшалды.
Борбордук базар иштебейт деп ишенбегендер дале бар. Бул базарды иштетүү үчүн бар күчүбүздү жумшай беребиз. Базарды иштетсек жылына 45 миллион сомдой акча түшүрсөк болот. Эл да түшүүнүүлөрү керек, бул базар иштесе казынага да акча толот. Ошол эле социалдык объектилерди курууга, жол оңдоолорго жумшалат.
Спутник кичи районундагы 8 гектарга барган «Нооруз» паркын реконструкциялоону баштаганда да сейил бак болуусуна ишенбегендер болгон. Мына азыр эл ыраазы. Ушул сыяктуу бир топ жумуштар аткарылды. Баары калкка шарт түзүү, шаардын социалдык-инфраструктурасын жакшыртуу үчүн жасалып жатат. Республикалык бюджеттин эсебинен 4 көчөгө асфальт төшөлдү, 2 мектептин, 1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун курулушу жүрүүдө. «Суу жана саркынды суу тутумдарын реабилитациялоо» долбоорунун 2-фазасы боюнча иш жүрүп жатат.
Шаар казынасынан 40 миллион сомдой акча каражаты сарпталган Шопоков көчөсү бүткөнүнө жыл айланбай, курулуштун сапатына нааразы болгондор болду. Бул жолдун абалы кандай болот?
- Шопоков көчөсү калаадагы негизги көчөлөрдүн бири десек болот. 1167 метрди түзгөн Шопоков көчөсү 21 метреге кеңейтилип, жаңыдан асфальт төшөлдү. Ошондой эле жолдун эки четине тротуар, жарыктандыруу, темир-бетон арык куруу иштери жасалды. 400 метрдей жери сапатсыз курулуп калган, күн жылыса оңдолот.
Муниципалдык базардын иштөөсү азырынча солгун болуп жатат. Базарды жандантуу үчүн дагы кандай кадамдарга барасыздар?
- Бул боюнча да иш жүргүзүп жатабыз. Матрезервден ун, май, кумшекер алып барып, саттыка коюп жатабыз. Ошону менен биргеликте картошка, пияз, этти борбордук базарга караганда арзаныраак сатып жатышат. Эл деле түшүнүүлөрү керек. Акча каражаты бирөөнүн чөнтөгүнө эмес, ошол эле шаар казынасына түшөт.
Шаардан сырткаркы айылдардан келген маршруттук каттамдарды да муниципалдык базар тарапка жылдырылары айтылып жаткан болчу. Маршруттук каттамдар өзгөрөбү?
- Маршруттук каттамдарды өзгөртүү боюнча транспорттук инспекциянын жетекчилиги менен да сүйлөшкөм. Мурда район-шаарлардан келген каттамдар автобекетте турчу, шаар ичине шаардагы каттамдар каттачу. Каттамдарды жылдырууга аракет жасап жатабыз, нааразы болгондор болууда. Бирок биз өз планыбызга ылайык жумушубузду уланта беребиз.
Жалал-Абад шаары экинчи экономикалык борборго айланары айтылып жатат. Республикалык бюджеттен бөлүнөрү күтүлүп жаткан 2 миллиард сом акчага кандай долбоорлор бүтөт?
- 2 миллиард сом акчаны пайдаланууну 3 этапка бөлдүк. Социалдык объекттерди куруу, шаардын инфрастурктурасын жакшыртуу багыты жана шаар казынасына тыйын түшүрүү үчүн ар кандай зоводдорду куруу пландалууда. Шаардык жол башкармалыгынын базасында асфальт-бетон курууну пландап жатабыз. Долбоордун максаты — шаардагы 149,1 чакырым узундуктагы ички жолдорго асфальт төшөө, жөө адамдар жүрүүчү тротуарларды куруу. Асфальт-бетон чыгаруу боюнча тажрыйбабыз бар. Биздеги заводдун эскилиги жетип, айрым тетиктерин таппай, жай айларында ишти толук жүргүзүүгө кээде мүмкүн болбой калууда. Жаңыласак жаңыча мүмкүнчүлүктөр пайда болот. Башкармалык алдында техникалык база ачып, жолго коелу деп жатабыз. Кирешеге киргизүү жолдорун карасак болот. Ошол эле башкармалыкка темир-бетон заводун да курабыз. Бул үчүн жалпы 88,2 млн сом акча каражаты каралды. Шаардагы ирригация системасын ондоого чоң мүмкүнчүлүк болот. Кудук (люк), темир бетон куурларды, бетондорду, электр мамыларды чыгарып, базар баасынан арзаныраак сатууга чыгарсак казынага да каражат түшөт. Калаа ичиндеги жумуштарга да жакшы болот.
«Жалал-Абад-Тазалык» муниципалдык мекемесинин базасында таштандыларды кайра иштетүүчү ишкана куруп, таштандыларды иштетүүнү колго алуубуз абзел. Экологиялык жана санитардык зыянга алып келбей, калдыктарды 90%га чейин кайра иштетсек болот. Майлуу-Суу лампазаводуна шишелерди майдалап алып барып беребиз. Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүүгө болот дегендей. Андан сырткары шаардан Курорт санториясына чейинки аралыкка 4 чакырым узундукта жѳѳ адамдар үчүн тротуар, түнкү жарыктандыруу системалары менен курулат. Эс алууга чыккандар чарчаганда токтоп эс алышса болот дегендей. 6 жол капиталдык оңдоодон өткөрүлөт, 150 орундуу бала бакча салынат, мектеп-интернаты ачылат, инновациялык IT борборун ачабыз. Бул заман талабы десек болот. Шаардын аймагына техникалык суу чыгаруу да колго алынат.
Облустук кургак учукка каршы борборуна, облустук оорукананын неврология, терапия бөлүмдөрүнө жаңы корпус курулат. Былтыр пайдаланууга берилген «Нооруз» багына 100 адамга ылайыкташкан заманбап кинотеатр куруп, элдин аң-сезимин өзгөртөлү деп жатабыз. Ушуга окшогон долбоорлор каралып чыгып жатат.
Шаарга электроавтобус качан алынып келет? Калаада аларды кубаттай турган канча жай болот?
- Шаарга 2010-жылдары Кытай Эл Республикасынан 20 автобус келген. Эскилиги жеткенине карабастан саналуу автобусттар каттамга чыгып жатат. Бизге калаага 10 электроавтобус келет. Анын узундугуна чейин карадык. Алдын ала болжолдуу эсептөөлөргө караганда, бир автобустун бир күндүк электр энергиясы 40 сомго туура келет экен. Кытай Эл Республикасынан алып келгени жатабыз. Автобустарды алуу үчүн тендер жарыяланды. Эки жерде кубаттоочу жай болот.
Калаадагы экопаркка да көңүл бөлүнөбү?
- Ал сейил бактын жери көрктөндүрүү келишими менен узак убакытка берилип кеткен экен эле. Бул багытта иш жүрүп жатат. Быйыл жашылдандыруу жагына көңүл бөлөбүз. Кийинки жылдардан жакшыртуу жактарын колго алабыз.
Быйылкы жылга шаар казынасынан аткарылуучу пландар кандай?
- Шаардын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн коюлган иш-планга жараша жумушубузду жасай беребиз. №21 мектепке ашкана салынат, Низами көчөсүн оңдоо каралган. Шаардын башкы планы май айында бүтөт, ошого жараша да жумуштар жүрөт.